2-ноябрь күнү Кыргызстанда абанын температурасы +28,5 градуска жетти. Бул акыркы 100 жыл ичинде ысыганы жагынан рекорд жаратты. Анткени буга чейинки жогорку температура 2009-жылы катталган.
Анда күндүн жылуулугу 27,9 градуска чейин жеткен. Республикада 4-ноябрдан баштап күн сууктап, бүркөлгөн аба ырайы бир канча күнгө созулат.
Андан соң температура кайрадан +15 градуска көтөрүлөт.