Жаңылыктар
«Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
«Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлеринин системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Башкармалыктын кызмат адамдары Кытайдан жүк ташууга оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылып келдишкен.

Тактап айтканда, мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, материалдык баюу максатында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча каражаты системалуу түрдө алынып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келишкен.

Айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн кем баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди. Козголгон кылмыш ишинин жана соттун чечиминин алкагында Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын бардык мыйзамсыз аракеттери видео/аудио жазууга жазылып, бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалды. Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.