Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

 Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ саат 20:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.