Жаңылыктар
«Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык Мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
«Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 146) «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.  

Ошону менен бирге конституциялык Мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:

• Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;

• делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлоонун принциптери белгиленген;

• Элдик Курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.