Жаңылыктар
Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Суусамыр - Талас - Тараз каттамындагы Өтмөк ашуусунун жолуна асфальт төшөлүп жатат. Учурда 10 атайын техника жана 20дай жолчу иштеп жатат. Негизинен асфальт төшөө иштери бир айга пландаштырылган. Бирок аба ырайы жакшы болуп, каржылоо үзгүлтүккө учурабаса жумуштар 2 жуманын ичинде жыйынтыкталат.