Жаңылыктар
Чек ара аймактарында абал тынч
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара аймактарында абал тынч

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен тилкелеринде кырдаал туруктуу. Белгилей кетсек, кечээ кечке жуук кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда мушташ чыккан. 

Буга байланыштуу жеринде Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, коомдук коопсуздукту камсыздоо макулдашылган. Жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.