Жаңылыктар
УКМК: Экс-министр Динара Кутманова кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Экс-министр Динара Кутманова кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды. 

Динара Кутманова өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, жакын чөйрөсүн тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган. Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 млн 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 млн 568 миң сом берилген. 

Ошондой эле каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Динара Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды. Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө. Кармалган экс-министр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.