Жаңылыктар
ТИМ: Кыргыз - Венгер кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Кыргыз - Венгер кызматташтыгы

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Сийяртонун төрагалыгы астында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Венгер Стратегиялык Кеңешинин 3-отуруму болду. Анда Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 12-14-февралында Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. 

Тараптар 2023-жылдын аягына чейин жана 2024-жылы Кыргызстан менен Венгриянын жетекчилеринин деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты. Стратегиялык Кеңештин отурумунун күн тартибине ылайык, соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерине, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолушту. Тараптар Өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнүн жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин иши каралды, бул форматтардын алкагында кезектеги жолугушууларды өткөрүү пландары белгиленди. Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. 

Мындан тышкары тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери аба каттамдары боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин карап, венгер авиакомпаниясы 2023-жылдын 1-июнунан тартып Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча авиарейстерди ийгиликтүү баштаганын белгилешти. Кыргыз Республикасына жыл сайын Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн квоталар бөлүнөрү айтылды. Европа Биримдигинин, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башкалардын алкагында кызматташуу талкууланды.