Жаңылыктар
Жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектүүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкелери  боюнча алдамчылыкка шектүүлөр

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун кызмат адамдары жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелип кармалды. УКМК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдери менен жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн фактыларды, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациядан чыгарбай жеке турак жай куруу үчүн документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. 

Бул фактылар боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын директору, ушул эле мекеменин жерге жайгаштыруу боюнча адиси, райондун шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жана Ноокен айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.