Жаңылыктар
Мурдагы министр Динара Кутманова камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мурдагы министр Динара Кутманова камалды

Коррупциялык схеманын башкы уюштуруучусу деп шектелип мурдагы министр Динара Кутманова камакка алынды. 

Ал мамлекеттен ири суммадагы каражатты чыгарып кетүү үчүн уулун, үй кызматчысын, баласынын досунан бери тартып жасалма долбоорлорду каржылоону уюштурган деп айыпталууда. Жыйындарды формалдуу өткөрүү үчүн комиссияга кысым көрсөткөн деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. Жаратылышты коргоого делген акча кимдердин чөнтөгүнө түшүп турган?