Жаңылыктар
Ипотекалык насыялар доллардан сомго которула баштады
Экономика
Ипотекалык насыялар доллардан сомго которула баштады

Буга чейин доллар менен ипотекалык насыя алган 2 миң 864 бюджеттик кызматкердин насыясы сомго которулмай болду. Өкмөттүн мындай чечими Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде белгилүү болду. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, насыяны 62 сом 14 тыйын кезиндеги курска которуу сунушу айтылууда.

Белгиленген курс 2015-жылдын 1-июнуна карата Улуттук банк тарабынан белгиленген. Мында ортодогу айырма 574 миллион сом болууда. Министрдин айтымында, сумманын айырмасын жабууга каржы жетиштүү.

Бул боюнча Каржы министрлиги, Улуттук банк жана коммерциялык банктар иш алып барат. Бюджеттик кызматкерлердин саны болсо 2 миң 864. Алардын тизмеси дыкат текшерүүдөн өткөрүлгөнүн министр кошумчалады.