Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Гончаровго ID картасын жана жарандык паспортун тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев Гончаровго ID картасын жана жарандык паспортун тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаран Никита Александрович Гончаровго ID картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. 

Никита 12-июлда “Facebook” социалдык тармагы аркылуу УКМК төрагасына Кыргызстандын паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Жети жашында апасы ооруп каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан паспортун ала алган эмес. Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында паспорт алды.