Жаңылыктар
Нарында ирилештирүү реформасы ишке аштыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында ирилештирүү реформасы ишке аштыбы?

Административдик-аймактык реформанын алкагында, Нарын облусунун айыл-аймактарында жүргүзүлгөн ирилештирүүнүн негизги жумуштары толук аткарылды. Анын натыйжасында 63 айыл өкмөт 27 айыл өкмөткө бириктирилип, 246 штатка кыскартылды жана ирилештирүүдөн 113 млн сом үнөмдөлдү. Эми айыл өкмөттөргө мамлекеттик бюджеттен 10 млн сомдон каражат жана кызматтык унаалар берилмей болду. Бул долбоор жакында республиканын башка аймактарына да жайылтылат.