Жаңылыктар
Бишкек менен Баку соода жүгүртүүнү көбөйтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек менен Баку соода жүгүртүүнү көбөйтөт

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйыны өттү. Отурумга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедов төрагалык кылды.