Жаңылыктар
ТИМ: Тышкы саясатта аткарылган иштер
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Тышкы саясатта аткарылган иштер

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 179 эл аралык келишим даярдалды. Анын 85и эки тараптуу, 94ү көп тараптуу. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлигинин ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган отурумда айтылды. 

Коллегияда министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын дипломатиялык корпусу эл аралык жана регионалдык кырдаалдын курчушу уланып жаткан кыйла татаал шарттарда иш жүргүзгөндүгүн баса белгиленди. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен аймактык кызматташтыкты илгерилетүү, алдыңкы союздаштар жана өнөктөштөр менен саясий диалогду жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү келишимдерге жетишүү министрликтин ишинин негизги жыйынтыктарынын бири болду деп кошумчалады. 

Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта бийик жана жогорку деңгээлде 67 визит жана иш-чара иштелип чыккан, анын ичинде Кыргызстандагы чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен 33жана Кыргыз Республикасынын делегацияларынын чет мамлекеттерге 34 иш сапары иштелип чыккан. Отурумда Тышкы иштер министрлигинин күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер боюнча активдүү ишти улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. 

Саясий багытта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарлар пландалып жатканы айтылды. Муну менен катар кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси көңүл борбордо экени белгиленди.