Жаңылыктар
«Чычкан» постунда «Автоураган» иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
«Чычкан» постунда «Автоураган» иштеп жатат

Токтогул районундагы «Чычкан» постунда «Автоураган» аппараттык-программалык көчмө комплекс иштеп жатат. 

Мына ушул көчмө комплекстин иштөөсүнүн натыйжасында ар кандай жол эрежесин бузган 11 унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Эскерте кетсек, «Автоураган» издөөдөгү унааны, айып пулдарды убагында төлөбөгөндөрдү, каттоосу жок, ылдамдыкты жогорулатып айдагандарды жана башка эреже бузууларды аныктайт.