Жаңылыктар
КР ТИМ 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отуруму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КР ТИМ 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отуруму өттү

2023-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде КР ТИМинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча Коллегиянын отуруму болуп өттү.

КР ТИМинин Коллегиясынын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРдин дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын, мамлекет башчысынын тапшырмаларынын аткарылышын, анын ичинде 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү иш-чаралар планында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууну белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бардык органдары эл аралык жана регионалдык кырдаалдын курчушу уланып жаткан кыйла татаал шарттарда иш жүргүзгөндүгү баса белгиленди. Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен аймактык кызматташтыкты илгерилетүү, алдыңкы союздаштар жана өнөктөштөр менен саясий диалогду жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү келишимдерге жетишүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишинин негизги жыйынтыктарынын бири болду.

Жалпысынан Коллегия мүчөлөрү биринчи жарым жылдыкта бийик жана жогорку деңгээлде 67 визит жана иш-чара иштелип чыкканын, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен 33 жана  Кыргыз Республикасынын делегацияларынын чет мамлекеттерге 34 иш сапары иштелип чыккандыгын билдиришти. Отчеттук мезгилде кол коюуга 179 эл аралык келишим даярдалган (анын 85и – эки тараптуу жана 94ү – көп тараптуу).

Коллегиянын отурумунда Тышкы иштер министрлигинин күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер боюнча активдүү ишти улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Саясий багытта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарлар пландалып жатканы айтылды. Экономикалык дипломатияны илгерилетүү жагынан Министрлик Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтери жана ведомстволору менен бирдикте өкмөттөр аралык комиссияларды, бизнес-форумдарды өткөрүү, өнүктүрүү фонддорун ишке киргизүү, соода үйлөрүн ачуу ж.б.у.с. иштерди улантат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишинин эң маанилүү бөлүгү болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси калууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн ишине баа берилди.