Жаңылыктар
Дыйкандарга дизель майын 65 сомдон берилип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкандарга дизель майын 65 сомдон берилип жатат

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандарга дизель майын литрин 65 сомдон берип жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, мындай баада сатылып жаткан дизелдик отундун жалпы көлөмү 3 миллион литрди түзөт. 

Эскерте кетсек, азыр дизелдин баасы 70 сом 50 тыйындан. Айыл чарба министрлиги муну менен катар учурда оруп-жыйноодо 765 комбайн иштеп жатканын кошумчалады. Былтыр бул көрсөткүч 644 тү түзчү.