Жаңылыктар
Чек ара кызматы: унаалардын өтө албай турушунун себеби
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара кызматы: унаалардын өтө албай турушунун себеби

Казакстандын аймагында Кыргызстанга  чыгуу тарапта жүк ташуучу унаалар топтолууда. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын автоматттык маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр катталган. 

Системанын ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттары өтпөцй топтолуп калган.

Эскерте кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот.