Жаңылыктар
Ысык-Көлдө 200дөн ашык пансионат текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө 200дөн ашык пансионат текшерилди

Чолпон-Атадагы эки адамдын өлүмүнөн кийин мекемелер аралык жумушчу комиссия 200дөн ашык чоң пансионатты текшерди. Эскерте кетсек, бул комиссияга жергиликтүү бийликтен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, облустук ички иштер башкармалыктан өкүлдөр кирет. 

Бардыгы болуп 229 эс алуу жайы, 196 жеке менчик эс алуу үйү, 29 суу транспортунун ээлери, 5 суу аттракциону текшерүүдөн өткөн. 25 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, материалдар Кылмыш-жаза кодексине ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Текшерүү уланууда.