Жаңылыктар
Президент "Иркештам" өткөрмө пунктунун иши менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Иркештам" өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын "Иркештам" өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул жерде жалпы узундугу 3 чакырымдан ашык келген төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатат. Ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталган. Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүр ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт.

Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү бошотууга мүмкүндүк берет. Андан улам, чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров 1-октябрга чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана "Иркештам" өткөрүү пунктун бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берди.

Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде, Кыргызстандан Кытайга көмүр экспортунун көлөмү көбөйгөндө актуалдуу. Бул максаттарга кошумча каражат бөлүнөт.

Паспорт боюнча "Иркештамдын" колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааны түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда. "Иркештамды" модернизациялоо пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин жогорулатат, ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардан жолду бошотот, анткени катуу отун Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт.