Жаңылыктар
Мамлекет дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду быйыл дыйкандардан 40 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Дандагы глютендин курамы 23% дан кем эмес болушу керек, ал эми сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес. Монополияга каршы мамлекеттик орган жогорудагы критерийлерге жооп берген буудайдын килограммын 23 сомдон деп бекитти. Мындан тышкары Айыл чарба министрлиги 40 миң тонна буудайды аймактар боюнча жеткирүүгө квота бөлүштүрдү. Андан ары райондорго бөлүштүрүшөт.