Жаңылыктар
Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды

Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги “Айланма Ош” жолунун 12-17-чакырымында асфальт төшөөдө мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызавтожол” ишканасынын №21 жол тейлөө ишканансынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021 жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду жана аны жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган. Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сом зыян келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголду.