Жаңылыктар
Мунайды мыйзамсыз сактагандар, саткандар
Кылмыш
Мунайды мыйзамсыз сактагандар, саткандар

Мамлекеттик салык кызматы Чүй жана Ош облустарында жүргүзгөн рейдде мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо, алып өтүү жана сатуу фактыларын аныктады. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 53 миң 260 литр күйүүчү май алынды. 

Тактап айтканда, Өзгөн районундагы май куюучу жайдын аймагынан Салык кызматынын контролдук пломбасы өз алдынча алынган 36 миң 260 литр көлөмүндөгү дизелдик отун ташыган унаа табылган. Бул продукция Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы кампадан Нарын облусунун Жумгал районуна жеткирилиши керек болчу, андыктан Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында болбошу керек болчу. Чүй облусунун Москва районунда күйүүчү майларды сатууга жана сактоого уруксат берүүчү документтери жок май куюучу жайлар орнотулуп, анда 11 миң литр мунайзат продукциясы катталган.Ошол эле райондо күйүүчү материалдарды сатууга жана сактоого уруксат берүүчү документтери жок отун таратуучу колонна табылган. Текшерүү учурунда колоннада 6 миң литр күйүүчү май болгон. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.