Жаңылыктар
Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди

Баткен облусунун башчысынын орун басары Тимур Мадияров жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Сүлүктү шаарындагы көмүр компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сүлүктүнүн "БР" үлгүсүндөгү көмүрүнүн бир тоннасы 6 миң сомдон, ”БК” үлгүсүндөгү көмүрдү 8000 сомдон сатуу макулдашылды. Көмүр казган компанияларга бааны туруктуу кармоо керектиги айтылды. Белгилей кетсек, облустук бийлик Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Баткен облусунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүү боюнча сунуш менен кайрылган. Кара алтындын наркынын жогорулашынын себебин шахта жетекчилери кен казуу иштеринин оордугу, кооптуулугу, жумушчу күчтүн жоктугу, инфляциянын өсүүсү менен түшүндүрүштү. Жалпы Баткен облусунун көмүргө болгон ички керектөөсү 120 миң тоннаны түзөт.