Жаңылыктар
Президент Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушту
Спорт
Президент Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушуп, ага Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

 Мамлекет башчысы спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгиледи. Анын айтымында, Мунарбек Сейитбек уулу менен анын машыктыруучулары Союз маалында атагы чыккан кыргыз бокс мектебинин кайра жаралышын дүйнөгө көрсөткөнү абдан маанилүү. Муну менен жаш мушкерлердин келечекте медалдарга жетишсе болот, деген ишеними бекемделди, - деди Садыр Жапаров. Спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгып, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын медалын жеңип алды. Бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 1-14-майында Ташкент шаарында өткөн.