Жаңылыктар
Ысык-Көлдө “Айкөл” ден соолукту чыңдоо борбору ишке кирди
Ден соолук
Ысык-Көлдө “Айкөл” ден соолукту чыңдоо борбору ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында “Айкөл” ден соолукту чыңдоо борбору жаңы дем менен иштеп баштады. 

Аталган жай 1960-жылы курулгандыктан, эскилиги жетип, эс алуучу кабыл алуу мүмкүнчүлүгү азайып, шарттар талапка жооп бербей калган. Өлкө башчысы кайра калыбына келтирүү тапшырмасын коюп, УКМК төрагасынын колдоосу менен борбор толугу менен жаңыланып, ишке кирди. Ал арада балдар үчүн 240 орундуу лагерь да жаңыдан курулду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу жаңы "Айкөл" балдар ден соолукту чыңдоо борборунда аталган кызматта иштегендер, ардагерлер, ошондой эле алардын балдары эс алышат.