Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген он төрт жаш кыргызстандык графикалык дизайн жана контент-менеджмент боюнча өз долбоорлорун тартуулашты.
Дипломдорду тапшыруу аземине АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери катышты. Пилоттук долбоордун алкагында студенттерге жумушчу портфолиолорду түзүү, резюме жасоо жана аңгемелешүүгө даярдануу боюнча окутуулар да өткөрүлгөн. Курстарды ийгиликтүү аяктаган ар бир катышуучуга сертификат ыйгарылды. Аталган долбоор 2020-жылы башталгандан бери өлкө боюнча 1300дөн ашык студент графикалык дизайн, веб-дизайн, санариптик маркетинг, видео өндүрүш жана контент менеджмент боюнча билим алышкан.