Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата өкмөт башчылардын деңгээлиндеги саммит өттү.
Өкмөт башчылар тар чөйрөдө жыйын курушту. Саммитке катышууу үчүн уюмга мүчө өлкөлөр - Кытай, Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Тажикстандан премьер-министрлер Бишкекке келишти.
Андан тышкары, Беларусь, Ооганстан, Иран, Пакистан, Монголия жана Индиядан расмий өкүлдөр да катышат. Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118