Жаңылыктар
Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “КР турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “КР турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Кредиттик макулдашууда Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасында турак жай куруу үчүн 100 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү финансылык каражаттарды тартуу каралган.

Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосун алуучу катары Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгат, аткаруучу агенттик катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги чыгат, ал эми “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) долбоорду ишке ашыруучу агенттик катары болот.

“МИК” ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарына кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Ошол эле учурда ижаралык турак жай алуучулар ай сайын ижараны төлөө жана турак жайды сатып алуу боюнча төлөөлөрдү жүргүзөт. Зайымчылардан алынган каражаттарды “МИК” ААК Сауд өнүктүрүү фондунун кредитин төлөөгө жумшайт.