Жаңылыктар
Ж.Абировдун арызын жумушчу топ карайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ж.Абировдун арызын жумушчу топ карайт

БШКнын жумушчу тобу Жаныбек Абировдун арызын карап чыгат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, 28-июлда боршайкомго №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкер Жаныбек Абировдон арыз берген. “Учурда анын арызынын мыйзамдын талаптарына дал келүүсүн текшерүү үчүн жумушчу топко берилди. Андан соң жумушчу топ сунуштарын БШКнын жыйынына алып чыгат”, - деп айтылат БШКнын расмий маалыматында. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров мандатын 5-апрелде өз каалоосу менен тапшырган. Ал кафелердин бириндеги мушташка катышкандыгы себеп болуп, моралдык жоопкерчиликтен улам мандатын тапшырган. Андай кийин шайлоо белгниленип, бирок добуш сатып алуу фактыларынан улам анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.