Жаңылыктар
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттары

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан 8 миллиард 45 миллион сом инвестицияланды. Социалдык фонддун малыматына караганда, Инвестициялык киреше 2 миллиард 37,1 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 411,5 миллион сомго көп. 2023-жылдын январь-июнь айларында пенсиялык топтоолордун эсебинен 595,9 миллион сом төлөндү. Анын ичинен 342 миллион сом ипотекалык насыяны төлөөгө которулду, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп табылган адамдарга 1,2 миллион сом төлөндү. Ал эми оор дартка чалдыккандарга которулган сумма 14,6 миллион сомду түздү.