Жаңылыктар
Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Документтерди кабыл алуу 31-июль саат 08:00дөн, 2-август саат 14:00гө чейин созулат.

Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга. ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.