Жаңылыктар
ШКУ жыйыны жыйынтыкталды
Саясат
ШКУ жыйыны жыйынтыкталды

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында 11 документке кол коюлду.

Алардын арасында ШКУнун өнүгүү банкын жана фондун түзүү боюнча аракеттер, жолдорду жакшыртуу маселеси да бар. 

Бүгүнкү жыйында уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн экономика, илимий техника багытындагы кызматташтыгы, ШКУнун ишмердиги, каржы маселелери талкууланды. Мындан тышкары,саммитин жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 15-юбилейлик жыйыны аяктады. ШКУ жыйынына байкоочу 6 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. 

Жыйын жүрүшүндө 10 документке, анын ичинде биргелешкен Коммюникеге кол коюлду.