Жаңылыктар
Токтогулда чогулган суунун көлөмү 11 млрд куб метрге жакындады
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулда чогулган суунун көлөмү 11 млрд куб метрге жакындады

31-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 943 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 679 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 454 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.