Жаңылыктар
"Айыл чарбасын каржылоо -11": 3,2 млрд сом насыя берилди
Кыргызстан жаңылыктары
"Айыл чарбасын каржылоо -11": 3,2 млрд сом насыя берилди

"Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 2023-жылдын 27-июлуна карата 2 категория боюнча 3 млрд 229 млн 488 миң сомго 7 миң 178 насыя берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, өсүмдүк өстүрүүгө 837 млн 173 миң сомдук, мал чарбачылык категориясына 2 млрд 392 млн 315 миң сомдук насыялар алынды. Жеңилдетилген кредиттер "Айыл банк" менен "РСК банк" аркылуу берилген.