Жаңылыктар
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

Кыргызстанда жумушсуздардын саны беш пайызга азайды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Бишкек, Ош, Каракол жана Нарын шаарларында ваканциялар жарманкеси уюштурулуп, 19 миңден ашык адам катышкан. Анда миңден ашык иш берүүчү 25 миңге жакын бош орундар менен тааныштырган. "Иш-чаранын жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары тарабынан жумушка орноштуруу жана кесипке үйрөтүү боюнча консультациялар берилди. Бош орундар жарманкесинин ар бир алтынчы катышуучусу жумуш тапты же жолдомо алды. Жыл башынан бери жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга азайган", — деп айтылат маалыматта. Иш менен камсыз болгон жумушсуздардын санынын эң көп өсүшү Баткен, Чүй, Талас жана Ош облустарында байкалган.