Жаңылыктар
Кыргыз альпинисттери Арарат тоосун багындырышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз альпинисттери Арарат тоосун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттер Түркиянын эң бийик чокусу — Арарат тоосун багындырышты. Бул тууралуу өлкөнүн альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов билдирди. Белгилүү болгондой деңиз деңгээлинен 5137 метр бийиктикте жайгашкан чокуга Кыргызстандын Kyrgyz Exped жана Украинанын командалары 28-июлда чыгышкан.

Чокуга альпинисттер Артыкбек Абдивалиев жана Самсон Балян алгачкылардан болуп көтөрүлдү.

"Кыргыз альпинизм Федерациясынын бул сыяктуу экспедициялык долбоорлору альпинизмди кеңири жайылтуунун жана сүйүктүү өлкөбүз Кыргызстанды таанытуунун алкагында ишке ашырылууда" деп Кубатов социалдык баракчасында жазган.