Учурда 70ке жакын жергиликтүү тургун жумуш орду менен камсыз болуп, күнүнө 2 миң жуп бут кийим чыгарылууда. Эки аптанын ичинде 20 миң жуп кышкы өтүк өндүрүлүп, жакында фабрика алгачкы продукциясын Россияга экспортогону турат. 2 миллион доллар инвестиция салган Кытайлык инвестор келечекте жумуш ордун 200кө жеткирип, кошумча дагы эки линия ачууну көздөп жатат.