Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: Кайсы айымды президенттикке таптаса болот?
Саясат
Басма сөзгө баяндама: Кайсы айымды президенттикке таптаса болот?

Кайсы айымды президенттикке таптаса болот?-, деген суроону экс депутат Жылдыз Жолдошева, эсептөө палатасынын экс төрайымы Элмира Ибаримова, ЖКнын депутаты Аида Салянова жана укук коргоочу Рита Карасартованы жарыштырган тамаша азил  сүрөтү менен бирге коюп,  бүгүн Политклиника жаңы санын басты.

Бул тема гезиттин жетинчи бетинде төрт айымга дагы Бөдөш Мамырова,  Алтынай Өмүрбекова, Надира Нарматова, Дамира Ниязалиева ж.б  белгилүү боло баштагандар менен толуктап ага белгилүү саясатчы мырзалардын пикирин тарткан. Эгерде тажрыйба жагына токтоло турган болсок, Аида Жеңишбековнаны таптаса, андан мыкты президент чыкмак деген оюн ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров белгилесе, башка депутат Кожобек Рыспаев бир да айымды президенттикке көрсөтө албайм деп, профессор Кусеин Исаев Рита Карасартова маселелерди коркпой бетке айтат, экинчиси Баш мыйзам боюнча катуу сын пикирлерин айтып жаткан Жылдыз Жолдошеваны таптаса боло деген оюн кыйытса, саясатчы Бактыбек Калмаматов Кыргызстанда президент болчу айым жок экенин, экс депутат Курманбек Осмонов Салянова баш болуп президенттикке жарабасын, бирок бир Элмира Ибраимованы көрүп турганын, саясий серепчи Токтогул Какчакеев Элмира Ибраимова татыктуу , иштин көзүн билет деп сыпаттаса, “Бир Бол фракциясынын секретариатынын жетекчиси Досалы Эсеналиев да  тизмектелген айымдардын баарын президенттикке таптаса болот деп  арасынан потенциалы жактан Элмира Ибраимова бул кызматка ылайыктуу деп эсептесе, экс депутат Курманбек Дыйканбаев Элмира Ибраимова менен Аида Салянова деп көрүп турганын бирок биздин коом президенттин аял киши болушуна даяр эмес экенин  буга коом даяр болушу керек деп, Роза Отунбаева бир жарым жылда кыргыз элине мыйзамдуулукту тычтыкты алып келип баарын иш жүзүндө көрсөткөнүн мисалга тартып башка айымдар келсе деле ушундай иштеп берээрине ишеним бар экенин белгилеген.

Кыска маалыматтардан бүгүнкү Политклиника Республика Ата Журт коалицияга кирбейт бирок бийликти колдойбуз дегенин, Жанар Акаев башкача ойлонгондорду эл душманы деген туура эмес дегенин, Өнүгүү Прогресс президенттик шайлоого талапкерин чыгараарын, Сапар Исаков трамплинден секирген жатабы дегенди жазды.

Бул санга Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин муну саясий террор деп коет деген аталыштагы жана Өнүгүү- Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин Коалицияга кирүү сунушу түшө элек деп белгилеген маектерин басты.

Жубайлары бизнес жасаган саясатчылардын кимдер экенин бүгүн Политклиника тааныштыргысы келди. Алар Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева, Кубанычбек Жумалиевдин жубайы Роза Аманова, Феликс Куловдун Фатима Абдрасуловасын, Азимбек Исабековдун жубайы Бактыгүл Исабекованы, Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова, Амангелди Муралиевдин жубайы Элмира Муралиеваны атады, алар бизнестин кайсы түрү менен алектенээрин билгиңиз келсе Политклиниканы караңыз.  

Андан ары президенттикке кат рубрикасы Уулумду машина менен сүзүп өлтүргөн киши жазасын алабы? деп кайрылган Токмок шаарынын тургуну апасы Мария Рахманбердиеванынын катын басты.

Баяныбызды Азия Ньюс менен улантабыз. Бүгүнкү сан Иса Өмуркуловдун доору келатат деген темадан баштады. Гезиттин бул макаласында 2-ноябрда ЖК Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдогонун бул демилгени ишке ашырууда

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркуловдун эмгеги чоң зор экени  белгиленип, саясий кырдаалдын өзгөрүшүндө ал спикер же премьер министрлик орунга секирик жасашы мүмкүндүгү айтылат. 

Ошондой эле Азия Ньюс менин артымдан башкы прокуратура текшерүү жүргүзө баштады деген аталыштагы депутат Канат Исаевдин маегине орун берди.Бул сандан Кадыр Токтогуловдун тагдыры өзгөрөт дегенди, Мискенбаевдин “жандоочтору “ суу куя башташты, Алмаз Мамбетов Балыкчыга инвестиция тартуу жагын жолго коюуда дегенди, Камчыкени карыздары кыйноодо дегенди, Турусбек Коеналиев кадрдык ишке баш сала баштады дегенин  окуй аласыз. Коалициянын үч буттуу болушу опурталдуу деп бул темага  Сабыр Муканбетов сереп салып,  парламенттеги көрүнүштөрдөн кеп улаган. Ошондой эле аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, вице премьер министри Жеңиш Разаков  курал сатуу кылмышы Алмазбек Шаршеновичтин жеке көзөмөлүндө  деп, жана транспорт министри Замир Айдаров мурунку өкмөттүн каталарын биз оңдодук деп жана биздин облус кышка толугу менен даярдык көрдү деген  аталышта өкмөттүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов  маалымат берди.

Филармония таланттардын уясы деген рубрика менен Улуттук филармониянын 80 жылдык урматына КРнын эмгек сиңирген артисти Тамара Исабекова “Илгери артистти аялым, шоферду күйөөм “ деген лакап бар эле деген аталышта маек курган. Көз жүгүртүп өтүңүз. Мага жалган жалаа жаап, абийиримди тебелеп атышат деп КРнын жараны Бүбү Мариям Муса кызы өлкө президентине кайрылуу жолдогон.

Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио