Жаңылыктар
Бишкекке Орусиядан 1,4 миң тоннага жакын азык-түлүк келди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке Орусиядан 1,4 миң тоннага жакын азык-түлүк келди

Бүгүн, 1-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 1 миң 397 тонна азык-түлүк өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, байытылган ун жана өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана мектептерде ысык тамак берүүгө жардам берүүчү долбоорлор аркылуу өлкө боюнча аярлуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Россия Федерациясы тарабынан берилди.

Мындан тышкары, 79 тонна ун жана өсүмдүк майы улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар жашаган интернаттарга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө алынган азык-түлүк долбоорлорго катышуу үчүн 5 миң 200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. 

Белгилей кетсек, Орусия БУУнун аталган программасынын негизинде Кыргызстандын эң ири донору болуп келген. Акыркы 10 жылдын ичинде Орусия өкмөтү Кыргызстанга өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.