Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция түзүлдү
Саясат
Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция түзүлдү

Жогорку кеңеште көпчүлүк коалиция түзүлдү. Анын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. 

Анын ырасташынча, аталган үч партиянын саясий көз караштары бири- бирине шайкеш чыкты. 

Белгилей кетсек, мурунку альянс 24-октябрда чачыраган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады.