Жаңылыктар
Мындан ары жер көчкүлөр коопсуз шартта атайылап түшүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Мындан ары жер көчкүлөр коопсуз шартта атайылап түшүрүлөт

Мындан ары жер көчкүлөр коопсуз шартта атайылап түшүрүлөт. Бул үчүн “ жер көчкүлөрдүн тобокелдиктерин башкаруу” аталышындагы долбоор башталды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Алгачкы пилоттук долбоор Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында ишке ашырылат. 

Жер көчкүнү коопсуздандырууда тектирлеп түшүрүү инженердик ыкмасы колдонулат. Жалпы 360 миң метр куб көлөмдөгү жер көчкү түшүрүлөт. Андагы топурак атайын даярдалган участокторго жыйылат. Курулуш учурунда жарандар ӨКМ тарабынан даярдалган убактылуу чатырларда жашап турат. Тектирленген участокко көп жылдык дарактар отургузулуп, рекультивацияланат.