Баткен облусунун Кадамжай районунда 3 миллиард сомдун долбоору ишке ашууда. Бул аракет жергиликтүү элдин демилгеси менен башталган. Анын алкагында жаңы жерлер өздөштүрүлүп, сугат жана таза суу маселеси чечилээри мерчемделген.
Учурда тоо бооруна канал жана 6 чакырым аралыкта тоннель казуу иштери жүрүп жатат.