Жаңылыктар
Кыргызстан "Кытай - Евразия" көргөзмөсүнө катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан "Кытай - Евразия" көргөзмөсүнө катышат

Экономика жана коммерция министрлиги “Кытай-Евразия” көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик товарлардын көргөзмөсүн даярдоодо. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-августунан 21-августуна чейин Кытайдын Үрүмчү шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышат. Улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу Кыргызстандын ата мекендик продукциясын КЭРде жайылтууга багытталган жана анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн 140тан ашык продукция көрсөтүлүп, 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.  

Ошондой эле иш-чарада энергетика, туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор, муну менен катар Кыргыз Республикасынын экспортко багытталган улуттук компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.

Үрүмчүдө өтүүчү ЭКСПОго Евразия чөлкөмүнүн 32 өлкөсүнөн 3 миңден ашык ишканалардын катышуусу күтүлүүдө.