Жаңылыктар
Майлуу-Суудагы №3 отканага түтүктөр орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Майлуу-Суудагы №3 отканага түтүктөр орнотулду

Майлуу-Суудагы №3 отканага түтүктөр орнотулуп, артезиан суусу жеткирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалынын күз-кыш мезгилине карата аткарып жаткан иштеринин алкагында жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, диметри 150 мм, 1335 метр, диаметри 219 мм 265 метр түтүктөрү сатылып алып, орнотуу иштери аяктап, №3 отканага артезиан суусунун түтүктөрү тартылды. Артезиан суусу түтүккө кое берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми майда-барат жумуштары толугу менен 1-сентябрга чейин бүткөрүлөт.

№3 отканага түтүктөрдү орнотуп, артезиан суусу жеткирүү иштерине жалпы суммасы 2,7 млн сом акча каражаты сарпталды. Бул долбоор мамлекет тарабынан ишке ашырылды.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-январында аба ырайынын суукташынан улам, Майлуу-Суудагы шаардык суу менен камсыздоо ишканасынын суу түтүктөрү тоңуп, шаар суусуз калган. Мындан улам, Майлуу-Суу шаарында “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, шаардын бардык кызматтары күчөтүлгөн тартипте ишин жүргүзүшкөн.

"Өзгөчө кырдаал" абалы киргизилгенден тартып КР министрлер кабинетинин төрөгасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине Майлуу-Суудагы №3 откананы резервдик суу менен камсыз кылуу, артезиан суусун тартып келүү жана калыбына келтирүү боюнча тапшырма койгон.