Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун китеби жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун китеби жарык көрдү

Президент Садыр Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аталыштагы китеби жарык көрдү. Китеп 134 беттен жана төрт бөлүмдөн турат жана 41 миң даана нуска менен басылып чыккан. Президенттин китебинде бүгүнкү Кыргызстандын тарыхы, учурдагы окуялар жана келечеги тууралуу баяндалат.

Аннотациясында мындай деп жазылган: "Эгемендикти алган алгачкы жылдардан баштап эле улуттун жана мамлекеттин максаттуу өсүп-өнүгүүсүн көрсөткөн идеологиясынын жок болуп жатканы жөнүндө байма-бай сөз болуп келген. Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ бул эмгектин окурмандарга сунушталышы менен ошол кемчилик толукталды демекчибиз. "Жаңы Кыргызстанды куруу багыты" китебинин жарыяланышы эгемен элибиз өзгөрүүлөрдү эңсеп турган учурга дал келди деп эсептейбиз".

Садыр Жапаров китептин биринчи бөлүмүндө кыргыз жергесинде жашаган көп этностуу эл менен биргеликте жаңы Кыргызстанды курууга чогуу кадам таштоого чакырган. Экинчи бөлүмдө мамлекеттик жана улуттук идеология тууралуу кеңири кеп болот. Үчүнчү бөлүмдө болсо улуттук жаңылануу жолу, кыргыз элинин маданияты, каада-салты, улуттук идеологияга тиешелүү ой-толгоолор тууралуу баянталат. Жыйынтыктоочу төртүнчү бөлүмдө президент алдыдагы жаңылануу жолунда аткара турган иштер арбын экенин түшүнүүгө чакырып, биргеликте, ынтымак-биримдик менен бир максатты көрдөй кадам таштасак гана кубаттуу кыргыз мамлекетин кура тургандыгыбызды баса белгилеген.