Жаңылыктар
Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-августта саат 12:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.