Жаңылыктар
Баткенде жылдын аягына чейин 10 социалдык объекттин курулушу аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жылдын аягына чейин 10 социалдык объекттин курулушу аяктайт

Баткен облусунда жылдын аягына чейин 10 социалдык объекттин курулушу аяктайт. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда үч бала бакчанын, 5 мектеп жана бир ФАПтын курулушу жүрүп жатат. Алар керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жана АРИСтин директору Марс Наспеков облус аймагында курулуп жаткан иштер менен таанышып, социалдык объекттерде жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын камсыздоо зарылдыгын белгиледи жана курулушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.