Жаңылыктар
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги божомолдонуп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Ага ылайык, 2-3-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

ӨКМ сел каптоонун алдын алуу максатында тоо этектеринде жайгашкан үйлөрдүн жанындагы жана чарбактардагы арыктарды тазалоону эскертет.